Биз менен байланышыңыз

8-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 7 Фев 2022 | 559 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 8-февралда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт.

Жолдорго муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5;

Талас облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +3…+8;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4;

Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -4…-9;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз +2…+4 жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM