Биз менен байланышыңыз

Азия Кубогу-2023: Кыргызстандын атаандаштары 24-февралда белгилүү болот

Кыска кабар , Спорт | 7 Фев 2022 | 419 | 0

24-февралда Куала-Лумпур шаарында АФК-2023 Азия Кубогунун тайпалык баскычына тандоо турунун чүчүкулагы тартылат.

АФК кабарлагандай, XVIII Азия Кубогу 2023-жылдын 16-июнунан 16-июлуна чейин Кытайда өтөт. Оюндар Бээжин, Тяньцзин, Шанхай, Чунцин, Чэнду, Сиань, Далянь, Циндао, Сямэнь жана Сучжоу шаарларында болот.

Финалдык этапка 24 гана команда катышат. Учурда алардын 12си белгилүү болгон: Сирия, Австралия, Иран, Сауд Арабиясы, Япония, Бириккен Араб Эмираттары, Түштүк Корея, Оман, Ирак, Вьетнам, Кытай жана Ливан.

Калган жолдомолор үчүн 24 команда ат салышат, алардын арасында Кыргызстандын курама командасы да бар.

Чүчүкулак ФИФАнын жаңыланган рейтинги 10-февралда жарыялангандан кийин түзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM