Connect with us

Өздөрүн Жапаровдун жана Ташиевдин жакындары катары тааныштыргандар кармалды

Кыска кабар | 6 Фев 2022 | 2981 | 0

Өздөрүн президент Садыр Жапаровдун жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындары катары тааныштырган алдамчылар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, өздөрүн  президенттин жана анын бир тууганы С.Н. Жапаровдун туугандары, ошондой эле УКМКнын төрагасынын жакындары катары көрсөткөн адамдар аныкталган.

Ал адамдар  Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик бажы жана салык кызматынын кызматкерлерин коркутуп, тышкы экономикалык ишмердүүлүккө катышкан жеке жактарды, анын ичинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден импорттоочуларды көзөмөлгө алышканы тастыкталган.

Жогорудагы адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюу максатында комплекстүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлдү. Анын алкагында бизнес чөйрөсүндөгү субъектилерди көзөмөлдөө жана мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын коркутуу фактылары документтештирилди.

Мындан тышкары бажы жана салык мыйзамдарын бузуу менен товарларды өлкөгө алып кирүүгө бөгөт коюу чаралары көрүлдү.

2022-жылдын 4-февралында өздөрүн мамлекет башчынын тууганы жана УКМК төрагасы менен байланышы бар катары тааныштырган адамдар товарларды ташып келүүнү кайра жандандыруу максатында УКМК кызматкерине пара сунуштап, 1600 АКШ доллары өлчөмүндөгү акчанын бир бөлүгүн берип жаткан жеринен кармалышты.

Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

Ошону менен бирге УКМК жарандарды кыраакы болууга, өзүн ар кандай кызмат адамы катары көрсөтүп, тигил же бул маселени чечүү үчүн акча талап кылган шылуундардын аракеттерине алданбоого чакырат. Алдамчылык аракеттерине туш болгон учурда укук коргоо органдарына кайрылууну сунуштайбыз.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM