Биз менен байланышыңыз

Казакстандын Алматы шаарында митинг өтүп жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Фев 2022 | 1057 | 0

Бүгүн, 5-февралда Казакстандын Алматы шаарында нааразылык акциясы өтүп жатат. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматы маалымдады.

Чокан Валиханов аянтына чогулгандар акимдердин эл тарабынан шайлануусун талап кылышууда. Уюштуруучулардын бири Айгерим Тилеужан митингде сүйлөй тургандарга эч кандай чек коюлбасын, ар бир адам өз пикирин билдире ала турганын «Азаттыктын» кабарчысына айтып берген.

Митингдин катышуучулары Казакстандын президентинен парламентти таратууну, чукул реформа жүргүзүүнү, коррупцияга баткан чиновниктерди жоопко тартууну өтүнүшүүдө. Ошондой эле январь коогалаңында кармалгандары бошотууну суранып жатышат.

Айта кетсек, 31-январда Алматы шаарынын акими Бакытжан Сагынтаев иштен бошотулуп, ордуна Казакстан улуттук банкынын мурдагы төрагасы Эрболат Досаев дайындалган. Социалдык тармактын колдонуучулары Касым-Жомарт Токаевдин бул жарлыгын сынга алып, Досаевдин эл менен иштеше албай турганын, буга чейин да жетекчилик аброюна шек келген жагдайлары болгонун жазып чыгышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM