Биз менен байланышыңыз

УКМК: Каракол ШИИБдин кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды

Кыска кабар | 5 Фев 2022 | 315 | 0

Каракол шаардык милициясынын кызматкерлери пара алып жаткан жеринен колго түшкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

Алынган маалыматка караганда, Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү, улук лейтенант Т.Б.Т менен кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери, капитан А.К.Т. «козголгон ишти жаап беребиз» деп, кылмышка шектелип жаткан адамдан пара талап кылышкан.

Бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (пара талап кылуу) менен иш козголду.

Кармалган милиция кызматкерлери Түп районундагы тергөө абагына камалды. Учурда сурак жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM