Биз менен байланышыңыз

Бейшеналиев: Сабырбек Жумабеков кызматынан бошотулду

Кыска кабар | 4 Фев 2022 | 2451 | 1

Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун ордуна Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы түзүлдү. Бул тууралуу маалымат жыйынында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Ошондой эле Эмгек кодексинин 77-беренесинин негизинде буйрук чыгып, мекеменин директору Сабырбек Жумабеков ээлеген кызматынан бошогонун маалымдады.

Мекеменин директорлугуна профессор, медицина илиминин кандидаты Гулия Кожакматова, башкы дарыгерлигине Дамир Дүйшөнов дайындалган.

Ал дарыгерлердин бардыгы иштей берерин, аларды эч ким иштен бошотпой турганын кошумчалады.

«Азыр Жумабеков: «Дарыгерлер мени менен чогуу кетет», — деп жатат. Ал жерде иштеген туугандарынан башка эч ким кетпейт. Ал жерде уулу, туугандары иштейт, келини эсепчи болчу, дарыкананы жеңеси башкарчу», — деди Бейшеналиев .

Copyright © 2017 Maral FM