Биз менен байланышыңыз

БШК кайра шайлоого 52 талапкерди каттады

Кыска кабар | 3 Фев 2022 | 475 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы ушул жылдын 27-февралына белгиленген №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого ат салышып жаткан 52 талапкерди каттады. Бул тууралуу БШКнын расмий сайты жарыялады.

Алар катталуу менен талапкерлердин күбөлүгүн жана шайлоо өнөктүгү учурунда кол тийбестикти алышат.

БШК шайлоо округдарынын биринде эки талапкер бирдей добушка ээ болсо, документтерин биринчи тапшырып, каттоодон биринчи өткөн талапкер жеңүүчү болорун эскертет.

27-февралда №27 Биринчи Май жана №29 Свердлов округдарында Жогорку Кеңешке депутат шайлоо өтөт.

2021-жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо бул округдарда «баарына каршы» добуш басымдуулук кылып, депутат шайланбай калган. Мыйзам боюнча мындай учурда кайра шайлоо өткөрүлөт.

Кайра шайлоого төмөнкү талапкерлер катталды:

№27 Биринчи май шайлоо округунан:

  1. Акеров Табылды Абдраманович
  2. Савин Виктор Евгеньевич
  3. Ремнев Роман Павлович
  4. Тилектешов Улукбек Тилектешович
  5. Искендеров Эльман Хыдырович
  6. Тагайбек Султан
  7. Токтокожоев Таалайбек Самудинович
  8. Нурдинов Бейшеналы
  9. Тотонов Нурбек Темирбекович
  10. Сариев Акылбек Аблабекович
  11. Акылбеков Русланбек Акылбекович
  12. Сыдыков Урматбек Мукамбетжусупович
  13. Сартаев Анвар Айдарович
  14. Жуков Виталий Юрьевич
  15. Абдыразакова Айжан Улановна
  16. Ибраймакунов Данияр Өмүрбекович
  17. Мусаев Тахир Насырович
  18. Давлянов Дамирбек Тайырбекович
  19. Абдиев Бактыбек Кемелович
  20. Нурматов Темирбек Асанович
  21. Абдыкадыр уулу Бектур
  22. Келгенбаев Акжолтой Коконбаевич
  23. Капаров Чынгыз Капарович
  24. Мамбетсадыков Азамат Нурбекович
  25. Кермалиев Таалайбек Женишович
  26. Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна
  27. Токтакунов Нурбек Акбарович

№ 29 Свердлов шайлоо округунан:

  1. Жоомартова Рыскан Абдиевна
  2. Босивская Кристина Валерьевна
  3. Хакимходжаев Зуфар Шавкатович
  4. Токмулин Рафаэл Мубаракович
  5. Исиралиева Анара Усонбековна
  6. Строкова Евгения Григорьевна
  7. Султанбеков Муратбек Кенешбекович
  8. Джумагазиева Нуржан Курманбековна
  9. Майрамбек уулу Калыс
  10. Салянова Аида Женишбековна
  11. Алмаз уулу Аскар
  12. Абышев Медер Болотович
  13. Бейшенбаев Эдиль Нурбекович
  14. Атазов Шайлообек Карыбекович
  15. Карамушкина Ирина Юрьевна
  16. Жолдошова Назгуль Амантуровна
  17. Алканова Элнура Сайдиракмановна
  18. Болотбеков Бакытбек Болотбекович
  19. Маматкулов Нурланбек Жолошович
  20. Алмамбетова Гуля Идиновна
  21. Муртазалиев Абдурахманхаджи Шамильевич
  22. Аспек уулу Азамат
  23. Саадабаев Бакыт Муратбекович
  24. Бакиров Бакыт Жеентайович
  25. Тургунбаев Улукбек Абдивалиевич

Copyright © 2017 Maral FM