Биз менен байланышыңыз

УКМК кызматкери «Скайнеттеги» коррупция боюнча жоопко тартылды

Кыска кабар | 2 Фев 2022 | 217 | 0

УКМКнын жана байланыш агенттигинин кызматкерлери «коррупция» беренеси менен камакка алынганын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Аскер прокуратурасы радиожыштык спектрин пайдалануу үчүн лицензия берүүгө байланышкан кылмыш боюнча тергөө баштаган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Мамлекеттик байланыш агенттигинин жана УКМКнын кызматкерлери «Скайнет Телеком» компаниясынан 4 миң доллар пара алып, баштапкы баасы 6 млн сом болгон лицензиянын мөөнөтүн мыйзамсыз узартып беришкени аныкталган.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен «Скайнеттин» 2, Мамлекеттик байланыш агенттигинин 2, УКМКнын 1 кызматкери Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) боюнча жоопко тартылып, иши соттун кароосуна жөнөтүлгөн.

Андан тышкары «Скайнетке» мыйзамсыз берилген лицензия мамлекетке кайтарылып, айыбына 3 млн сом өндүрүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM