Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын товарын Кытайга сатуу жол картасы иштелип чыкты

Кыска кабар | 2 Фев 2022 | 381 | 0

Министрлер кабинети Бажы биримдигинин комиссиясынын айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизген Евразия экономикалык комиссиясы 2021-жылдын 12-ноябрында чыгарган №116 чечимин кабыл алды.

Чечим азык-түлүк коопсуздугунун алдын алуу, рынокту күнүмдүк зарыл товарлар менен камсыз кылуу, айрым күнүмдүк товарлардын баасынын өсүп кетишине жол бербөө жана эттин айрым түрлөрүн ташып келүүдө бажы алымдарынын ички квотасын нөлдүк ченемге түшүрүү максатында чыккан.

Мунун негизинде Министрлер кабинети Бажы биримдигинин комиссиясынын ак кантка жана камыш кантына тийиштүү айрым чечимдерине өзгөртүү киргизип, Кыргызстанга бөлүштүрүлгөн квотанын көлөмүн көбөйттү.

Андан тышкары ата мекендик өндүрүмдү Кытай базарларына алып чыгуу боюнча жол картасы иштелип чыкты.

Муну менен катар «Курал-жаракты, аскердик техникаларды, аскердик буюмдарды импорттоону жана экспорттоону лицензиялоонун тартиби жөнүндө» жобо бекитилди.

Ошондой эле төмөнкү тыюу салуулар киргизилди:

—  колдонулган катализаторлорду, шлактарды, күлдөрдү жана катализаторлордун курамындагы баалуу металлдардын калдыктарын Кыргызстандын аймагынан алып чыгуу;

— Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан тышкары кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын убактылуу ташып чыгуу;

—  макулатура жана картонду Евразия экономикалык биримдигинин аймагынан тышкары убактылуу ташып чыгуу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM