Биз менен байланышыңыз

Министр: Кыргыз улуттук драма театры ушул айда ачылат

Көңүл ачуу , Кыска кабар | 1 Фев 2022 | 3384 | 0

Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театры оңдоп-түзөөдөн кийин февраль айында ачылат. Бул тууралуу маалымат жыйынында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов билдирди.

«Кыргыз улуттук драма театрында эки жылдай оңдоо иштери жүргөн. Февралда театр ачылып, көрүүчүлөргө «Манастын уулу Семетей” спектакли жаңы форматта тартууланат. Ал эми Ч.Айтматов атындагы орус драма театры жабылганы турат, себеби ушул айда тендер жарыяланып, театр толук оңдоодон өтөт. Ошондой эле Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык музыкалык драма театрын июль айында өзбек тарап менен бирге ачканы турабыз», — деди министр.

Министр өткөн жылы өлкө аймагында 44төн ашык спектакль коюлганын айтып, жалпы оюн-зоок мекемелери 23 млн 819 миң сом табышканын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM