Connect with us

Казакстан парламентинин төмөнкү палатасынын төрагасы отставкага кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Фев 2022 | 312 | 0

Казакстан парламентинин төмөнкү палатасынын төрагасы Нурлан Нигматуллин өз арызы менен мандатын тапшырды. Бул тууралуу Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.

«Казакстан Республикасынын парламентинин мажилисинин депутаты Нурлан Зайролла уулу Нигматуллиндин берген өтүнүчү анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотууга негиз болуп эсептелсин. Н. З. Нигматуллиндин ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө БШКнын сунушу Казакстан парламентинин мажилисине жөнөтүлсүн», — деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда Казакстан БШКсы бошогон мандатты учурдагы Президенттин администрация башчысы Эрлан Кошановго өткөрүп берүү жөнүндө токтом кабыл алды.

Мажилис отуруму маселени карап чыгып, Нурлан Нигматуллиндин кызматтан кетүү арызын кабыл алып, ордуна бир добуштан Эрлан Кошановду мажилистин төрагасы кылып шайлашканын Казакстан парламентинин сайты жарыялады.

Ал эми Касым-Жомарт Токаевдин буйругу менен Президенттин администрация башчысы болуп Мурат Нуртилек дайындалган.

Нурлан Нигматуллин Казакстан парламентинин төмөнкү палатасына 2016-жылы төрага болуп шайланган. 2019-жылы өткөн парламенттик шайлоодо ал мүчө болгон «Нур Отан» партиясы кайрадан көпчүлүк добуш менен Мажилиске келип, Нурлан Нигматуллин төрагалыкка кайрадан келген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM