Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: Баткен облусунда өткөн жылы 3 көпүрө курулду

Кыска кабар | 1 Фев 2022 | 224 | 0

Баткен облусунда өткөн жылы 3 көпүрө салынып, 67 имарат оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын 2021-жылдын жыйынтыгын чыгаруу кеңешмесинде белгилүү болду.

Облуста 2021-жылы 497 кырсык, анын ичинен 6 өзгөчө кырдаал катталган. Баткен районунун Газ, Лейлек районунун Ак-Терек айылындагы сел алган 3 көпүрө кайра салынды.

Жалпы жонунан өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын жардамы менен жалпы суммасы 595 млн сомдук материалдык баалуулуктар сакталып калган.

Кыргыз-тажик чек арасында 28-29-30-апрель күндөрү тажик тараптын кол салуусунан облус боюнча 40 миң 649 жаран эвакуацияланып, талкаланган 220 объект, 138 турак үйдү тазалоо үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 305 куткаруучу 18 инженердик техника менен иштеген. Өрттөлгөн үйлөр толук тазаланып бүткөрүлүп, 32 көчмө турак үй, 61 чатыр тигилип берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM