31-январдан 1-февралга караган түнү өлкө ичинде 6 жерден өрт чыгып, өчүрүүгө 7 бөлүм барган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мунун ичинен Бишкек шаарында — 1, Чүй облусунда — 1, Ош шаарында — 1, Жалал-Абад облусунда — 1, Баткен облусунда — 1, Нарын облусунда — 1 өрт болгон.
Андан тышкары куткаруу кызматтары ар кандай жагдайлар боюнча 5 жерге барып, кызматтык милдеттерин аткарган.