Биз менен байланышыңыз

БШК: Депутаттыкка талапкерлерди каттоо аяктады

Кыска кабар | 31 Янв 2022 | 425 | 0

БШК 27-февралга дайындалган №27 Биринчи Май жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого талапкерлерди каттоо үчүн документтерди кабыл алуу аяктаганын билдирди.

Эки округдан жалпы 72 талапкер арыз берип, алардын 55и гана документтерин толук тапшырган.

№ 27 Биринчи май округунан 36 талапкер (33 эркек, 3 аял) арыз берип, 28 талапкер документтерин толук тапшырган.

Мунун ичинен:

— 16 талапкер катталган;

— 5 талапкер шайлоого катышуудан баш тарткан;

—  1 талапкерди каттоодон баш тартылган;

-2 талапкер каттоого документтердин толук топтомун/же баш тартуу жөнүндө арыз тапшырган эмес.

Учурда 12 талапкердин документтери каралып жатат.

№ 29 Свердлов шайлоо округунан 36 талапкер (25 эркек, 11 аял) арыз берип, 27 талапкер документтердин толук тапшырган.

Мунун ичинен:

— 21 талапкер катталган;

— 5 талапкер шайлоого катышуудан баш тарткан (алардын бири – катталган талапкер);

— 5 талапкер каттоого документтердин толук топтомун/же баш тартуу жөнүндө арыз тапшырган эмес.

Учурда 6 талапкердин документтери каралып жатат.

Айта кетсек, 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо № 27 Биринчи Май жана № 29 Свердлов округдарында баарына каршы бергендер көп болуп, шайлоо жокко чыгарылган. Бул округдарга кайра шайлоо өткөрүү 2022-жылдын 27-февралына дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM