Биз менен байланышыңыз

Аялын көчөдө сабаган жаран 7 суткага камалды

Кыска кабар | 31 Янв 2022 | 409 | 0

Ленин райондук соту аялын көчөдө өтүп бара жаткандардын көзүнчө сабаган жаранды 7 суткага камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

1992-жылы туулган шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 707-беренеси (үй-бүлөлүк зомбулук) беренеси менен айыпталууда.

Ленин райондук ички иштер бөлүмү жабыркаган Э.М.ны коргоо ордерин чыгарып берген.

Бирок аял милицияга арыз жазуудан баш тартып, эч кандай доосу жок экенин билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM