Бишкек шаарындагы унааларды өрттөөгө шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
31-январь күнү саат 01:45 чамасында милицияга Ахунбаев-Абай көчөлөрүнүн кесилишинде жеңил унаа өрттөнүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге Октябрь РИИБнин тергөө тобу барганда, борбор калаанын тургуну Ахунбаев көчөсүндө токтоп турган «Мерседес Спринтер» үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар өрттөп салышканын билдирген.
Кошумчалай кетсек, ушул эле түнү Бишкектин ар кайсы көчөлөрүндө токтоп турган дагы 7 унаа өрттөлгөн.
Бул фактылар Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренеси (башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында патрулдук милиция кызматкерлери кылмышка шектүүнү кармашкан. Ал 1989-жылы туулган К.Д. экени белгилүү болду.
Милиция кармалган адамдын башка кылмыштарга да катышы бар деп белгилейт. Бул боюнча учурда тергөө жүрүп жатат.