Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Көк-Таш айылындагы окуя боюнча кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 28 Янв 2022 | 330 | 0

Ички иштер министрлиги Баткен районунун Көк-Таш айылындагы окуя боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Факты Баткен РИИБи тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 402-беренеси (тынчтыкка каршы кылмыштар) менен катталып, тергөө башталды.

Ал эми жараат алгандарга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Окуя кандай башталды? 

27-январь күнү саат 18:00 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылы менен Тажикстандын Исфара районунун Самониен айылы чектешкен, такталбаган чек ара тилкесинде Тажикстандын жергиликтүү тургундары курулуш иштерин жүргүзө баштаган.

Кыргызстандын чек ара кызматкерлери курулушту токтотууну талап кылышкан. Ага каршы болгон Тажикстандын жарандары Ош-Исфана унаа жолу менен Исфара-Ворух жолунун кесилиши болгон Төрт-Көчөгө таш төгүп, жолду тосуп алышкан.

Эки өлкөнүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жолугуп сүйлөшүү өткөрүп, курулуш иштерин токтотуу, унаа жолун ачуу боюнча макулдашууга жетишкен.

Бирок саат 19:35 чамасында эл аралык келишимдерди бузуу менен улуттук кастыкты көздөп, куралдуу чатакты пландап, агрессивдүү согуш көрсөтүү максатында жөнөкөй жарандар жашап жаткан Баткен районунун Көк-Таш айылынын Чыр-Дөбө, Кум-Мазар, Дахма участкаларына, Орто-Боз айылынын Төрт-Көчө участкасына жана Көк-Таш айылындагы ИИМдин Ички Аскерлеринин 707-аскер бөлүгүнүн имаратына Тажикстандын Чек ара аскерлери оор ок атуучу куралдарды колдонуу менен кол салышкан.

Натыйжада, жергиликтүү тургундарынын турак жайлары, 707-аскер бөлүгүнүн имараты талкаланып, аскер кызматкерлерине жана бир жаранга ок тийип, Баткен биргелешкен ооруканасына жеткирилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM