Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө алдамчылык менен акча алган аял кармалды (сүрөт)

Кыска кабар | 28 Янв 2022 | 189 | 0

Ысык-Көлдө аял өзүн Президенттик аппараттын кызматкери катары көрсөтүп, алдоо жолу менен акча алган. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунун ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган.

Ал январь айынын башында өзүн президенттик аппараттын кызматкеримин деп тааныштырган Майрам аттуу аял «Кумтөр» алтын кенине жумушка орноштурууга көмөктөшүүнү убада кылганын билдирген.

Ал жумушка орноштуруу үчүн жогорку кызмат адамдарына жана ишкананын жетекчилигине акча которууга деп 4 миң доллар сураган.

Кийинчерээк арыз ээси аялдын президенттик аппаратка эч кандай тиешеси жок экенин билген.

27-январда кылмышка шектүү кармалып, «алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле кармалган аялдын өздүгү такталып, ал Ысык-Көл районунун 37 жаштагы тургуну А.М. экени белгилүү болду.

Учурда шектүү райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM