Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Ошто кылмыштуу топтун мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды

Кыска кабар | 27 Янв 2022 | 126 | 0

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылыкка шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Милиция кызматына Р.З. аттуу жаран кайрылып, 2020-жылы Сагыныч аттуу чала тааныш адам «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү унааны арзан баада Кореядан алып келип берем деп, жабырлануучунун 125 миң сомун алган. Бирок унааны алып келген эмес жана акчасын кайтарып берген эмес. Шектүү жабырлануучуну коркутуп, милицияга кайрылбоосун талап кылган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам кызматкерлер бул фактыга Баткен облусунун 1985-жылы туулган С.С. аттуу тургунунун тиешеси бар экенин аныкташкан. Мурда ал бир нече жолу оор кылмыш жасаганы үчүн соттолгон. Ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

25-январда шектүү жаран кармалып, Ош шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM