Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев: Шаирбек Ташиевден мандатын тапшыруу боюнча кайрылуу келип түштү

Кыска кабар | 26 Янв 2022 | 2001 | 0

Шаирбек Ташиев мандатын тапшыруу ниетин билдирип, кайрылуу жөнөткөнүн Жогорку Кеңештин «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев «Фейсбук» баракчасына жазды.

«Бүгүн, 26-январь күнү Жогорку Кеңештин «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын лидери катары менин атыма фракциянын мүчөсү Ташиев Шаирбек Кыдыршаевичтен Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын тапшыруу боюнча чечим кабыл алганы тууралуу кайрылуу келип түштү», — деп айтылат билдирүүдө.

Төрөбаев бул боюнча шайлоочулардан да кайрылуулар түшүп жатканын, жагдай фракцияда караларын кошумчалаган.

Буга чейин депутат Шаирбек Ташиевдин мандатын тапшыра турганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге берген маалымат жыйынында билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM