Биз менен байланышыңыз

Дээрлик кургап калган Нарын суусу (сүрөт)

Кыска кабар | 26 Янв 2022 | 1177 | 0

Бул сүрөт Нарын дарыясынын нугу агып кирген Токтогул суу сактагычынын кире бериши. Аны белгилүү кыргызстандык сүрөтчү Влад Ушаков тартып, фейсбуктагы баракчасына жарыялады. 

Сүрөттөрдөн суунун канчалык азайганын көрүүгө болот.

«Көп жылдан бери биринчи жолу ушундай коркунучтуу көрүнүшкө күбө болдум. Токтогул суу сактагычынын кире беришинде Нарындын жарым-жартылай кургак турган суусу. Сууну үнөмдөйлү!», — деп жазды сүрөтчү. 

 Нарын дарыясы Кыргызстандагы эң чоң жана суусу мол дарыя. Токтогул суу сактагычына 1974-жылы суу толтурула баштаган. Ага жалпысына 19, 5 млн куб метр суу батат. Нарын жана Сыр-Дарыянын агымын жөнгө салып, кошумча 0,5 млн га жерди сугарууга мүмкүндүк берет. Кыргызстандагы негизги энергетиканын кызыкчылыгы үчүн курулган суу сактагыч.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM