Биз менен байланышыңыз

Билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүров кызматынан бошотулду

Кыска кабар | 26 Янв 2022 | 231 | 0

Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров берген арызынын негизинде кызматынан бошотулду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка 19-январда билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев кол койгон.

Белгилей кетсек, Өмүров аталган кызматка 2019-жылдын 30-сентябрында дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM