Биз менен байланышыңыз

Жети-Өгүздүн карагайын уруксатсыз кырккандар кармалды

Кыска кабар | 26 Янв 2022 | 173 | 0

Жети-Өгүз районунун эки тургуну карагайларды мыйзамсыз кыркууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

24-январда Ысык-Көл облусунун туристтик-экологиялык милициясына «Жети-Өгүз» курортунун аймагында жашаган адам өз үйүнө карагай жыйып алганы боюнча маалымат түшкөн. Жеринен текшерүү учурунда 51 жаштагы А.К.нын короосунан 16 даана тянь-шань карагайы табылган. Үй ээсинде карагай кыюуга берилүүчү уруксат кагаз жок болуп чыккан.

Ушул эле күнү туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери Жети-Өгүз токоюнан Кургак-Айрык айылынын 39 жаштагы тургуну Т.Б. айдаган «Мерседес-Спринтер» унаасын токтоткон. Текшерүүдө унаадан кыркууга уруксат алынбаган 7 тянь-шань карагайы чыккан.

Бул фактылар боюнча тиешелүү кагаздар толтурулуп, юридикалык баа берүү үчүн Жети-Өгүз райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM