Биз менен байланышыңыз

ИИМ: 5 миң долларды алдап алып кетүүгө шектелген адам кармалды

Кыска кабар | 26 Янв 2022 | 327 | 0

Октябрь райондук милициясы алдамчылыкка шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын 12-январында К.М. аттуу жаран милицияга арыз жазган. Арызда 2021-жылдын 10-сентябрында Бишкек шаарынын Сүйөркулов жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинен А.Р. аттуу адам «чет элдик жарандардан 80 миң доллар ссуда алып берем» деп алдап, 5 миң долларын алып, ошол бойдон дайнын таптырбай кеткен.

Бул факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен иш козголгон.

Ыкчам издөөнүн натыйжасында кылмышка шектүү катары 1980-жылы туулган А.Р. кармалып, тергөө абагына камалды. Учурда анын башка да иштерге тиешеси бары же жогу иликтенип, шектүү суракка алынып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM