«Түркияда бороон-чапкын болуп, кар жаашы мүмкүн» деген шашылыш эскертүүдөн улам Turkish Airlines жана Pegasus авиакомпаниялары Стамбул – Бишкек багытындагы бир катар каттамдарды жылдырышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда авиакомпаниялар жүргүнчүлөрдүн кайрылуусу боюнча тамактанууну жана убактылуу жайгашууну уюштурууда. Күн ачылганда каттамдар жандандырылып, жүргүнчүлөр учак билеттер менен камсыз кылынат.

Башкы консулдуктун кызматкерлери Стамбул эл аралык аэропортундагы Кыргызстандын жарандарына колдон келген жардамдарын көрсөтүп, авиакомпания тарабынан тамак уюштурулушун жана аба каттамдардын кайра жанданышы тууралуу билдирүүлөрдү өз убагында маалымат берилүүсүн көзөмөлгө алууда.

Өзгөчө кырдаал учурунда жарандар төмөнкү телефон номери менен байланышса болот: +90-535-107-72-12.