Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда аэропорттор штаттык режимде иштөөдө

Кыска кабар | 25 Янв 2022 | 202 | 0

«Манас» эл аралык аэропорту штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Бүгүн, 25-январда Кыргызстандын аймактарында электр энергиясы жапырт өчтү. Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы электр жарыгы Борбор Азия боюнча өчкөнүн кабарлап, Кыргызстан Борбор Азиядагы бирдиктүү энергетикалык шакекчеден чыгып, өз алдынча жарыкты калыбына келтире турганын билдирген.

Учурда бардык аймактарда жарык бериле баштады. Энергетика министри Доскул Бекмурзаев 1-2 сааттын ичинде жарык толук берилерин кабарлады.

Аба каттамдары боюнча маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлерге байланышсаңыздар болот: «Манас» — 0 312 693109, «Ош» — 0 3222 90101.

Copyright © 2017 Maral FM