Биз менен байланышыңыз

Бакытбек Шокенов: Элди жана турак жайды каттоо иши даярдык көрүү этабында турат

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Янв 2022 | 1143 | 0

Учурда эл жана турак жай фондун каттоо иши даярдык көрүү этабында турат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, негизинен эл каттоо 10 жылда бир боло турган иш. Союз учурунда эл жана турак жай фондун каттоо 8 жолу жүргүзүлгөн. Эгемендик алгандан бери 2 жолу: 1999-жылы жана 2009-жылы өткөн.  Буга чейин 2020-жылга пландалып, бирок пандемияга байланыштуу убактылуу токтоп калган. Эми 2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин КР аймагында эл жана турак жай фондун каттоо өтөт. Учурда Улуттук статистика комитети, жергиликтүү администрациялар, министрликтер, бардык мекемелерге жасай турган иш-чаралардын графиги бекитилип, ошол боюнча иш жүрүп жатат.

«Эл жана турак жай фондусун каттоо бизге өлкөдөгү социалдык, экономикалык, демографиялык маалыматтарды толук түрдө чогултуп алууга мүмкүнчүлүк берет. Анын негизинде ошол эле өлкөнү, республиканы  өнүктүрүү боюнча иш-чараларды, божомолдорду түзсө болот. Мисалы, бир территориянын аймагында канча адам жашайт, аларга оорукана керекпи, мектеп жетиштүүбү, канча бала бакча керек деген сыяктуу.  10 жылда бир боло турган эл каттоо этнолингвистикалык маалыматтарды, башка маалыматтарды толук алууга мүмкүнчүлүк боло турган мамлекеттик иш-чара», — дейт ал.

Эл каттоонун үч этабы бар. Биринчи, даярдык көрүү этабында методологиялык жактан, инструкциялык жактан, техникалык жактан, кадрларды кабыл алуу, окутуу жагынан, аларга кабинеттерин, башка маселелерин чечүү жагынан чоң иштер жасалат. Андан кийинки этабы — каттоонун өзү. 3-этабы — бул чогулган маалыматтарды иштеп чыгуу, таратуу. Азыр Улуттук статистикалык комитет даярдык көрүү этабында турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM