Биз менен байланышыңыз

Армениянын президенти Армен Саркисян отставкага кетерин жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Янв 2022 | 270 | 0

Армениянын президенти Армен Саркисян отставкага кетерин расмий сайты аркылуу жарыялады.

«Мен көпкө ойлондум. Төрт жыл жигердүү иштептирмин. Эми Армения Республикасынын президенттигинен кетүүнү чечтим», — деп жазылат билдирүдө.

Ал бул чечиминин себебин: «Биз президент тынчтык жана согуш маселелерине таасир эте албаган, өлкө үчүн пайдасыз мыйзамга вето коё албаган, өз мүмкүнчүлүгүн ички жана тышкы саясий маселелерди чечүүгө пайдалана албаган турмушта жашап, дүйнө олку-солку болуп турганда өлкөсүнө жардам берүүгө бир да мыйзамдуу куралы жок президенттин учурунда күн көрүүдөбүз», — деп түшүндүргөн.

Мындан тышкары ал элди биримдикке чакырып, баарына ыраазычылык билдирип өткөн.

«Сөзүмдүн аягында өлкө үчүн оор мезгилде руханий бекемдигин, чыдамын жана кайратын көрсөткөн биздин жарандарга жана диаспорадагы мекендештерге өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет. Биздин эр жүрөк армиянын солдаттарына жана офицерлерине өзгөчө алкыш айтабыз. Ата Мекен үчүн жанын берген баатырлардын үй-бүлөсүнө таазим кылам. Ошондой эле Республика президентинин аппаратынын бардык кызматкерлерине жана мамлекеттик органдардагы өнөктөштөрүмө биргелешкен натыйжалуу иши үчүн ыраазычылык билдирем», — деп жыйынтыктаган кайрылуусун Армен Саркисян.

Армен Саркисян 1953-жылы Ереванда туулган. Кесиби физик. Физика илимдеринин доктору илимий даражасын алган. Компьютердеги тетрис оюндарын иштеп чыккандардын бири катары белгилүү. Буга чейин Армениянын бир катар окуу жайларында Улуу Британиянын Кембриж университетинде мугалим, Армениянын Улуу Британиядагы, Европа Биримдигиндеги, Белгиядагы, Ватикандагы, Люксембургдагы элчиси, премьер-министри кызматтарын аркалаган.

2018-жылдын 9-апрелинде Армениянын президентигине шайланган. Өлкөнүн эгемендик тарыхындагы төртүнчү жана алгачкы жолу парламент шайлаган президент катары калды.

Армения 2015-жылы Башмыйзамына өзгөртүү киргизип, премьер-министр жетектеген парламенттик башкарууга өткөн. Мындан улам президенттин бир катар ыйгарым укуктары чектелген. Президентти Армения Улуттук Жыйыны 7 жылдык мөөнөткө шайлайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM