Биз менен байланышыңыз

Аламүдүн районунан үй тоноого шектелип, 21 жаштагы жигит кармалды

Кыска кабар | 22 Янв 2022 | 268 | 0

Аламүдүн районундагы үйдү тоноого шектелип, 21 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Аламүдүн райондук милициясына жергиликтүү тургундардын бири арыз менен кайрылган. Андан белгилүү болгондой, 20-январда арыз ээсинин үйүнө белгисиз бирөөлөр кирип, 7800 долларын, 50 миң сомдук кол саатын, 400 долларлык мобилдик телефонун, зер буюмдарын уурдап кеткен.

Бул факт бирдиктүү реестрге Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен кармалып, иликтөө иштери башталган.

Кылмышка шектүү 2001-жылы туулган Ю.А. бүгүн, 22-январда колго түштү.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM