Биз менен байланышыңыз

Соцфонд: Мигранттардын пенсиясы Евразия өнүктүрүү банкынан которулат

Кыска кабар | 22 Янв 2022 | 247 | 0

Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөрдө иштеген мигранттарга пенсия которуу жана пенсия үчүн төлөм кабыл алуу Евразия өнүктүрүү банкы аркылуу жүргүзүлө турган болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Социалдык фонду сайтына жарыялады.

Айтылган маселе камтылган макулдашууга кечээ, 21-декабрда Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев менен Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Николай Подгузов кол койгон.

ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөгү мигранттарга пенсия чегерүү келишими 2021-жылдын 1-январында күчүнө кирген. Ага ылайык, Биримдиктин аймагында расмий иштеген мигранттар пенсияга чыкканда, чет жактагы иштеген стажы да кошо эсептелип, ошого жараша пенсия төлөнөт. Анүчүн мигранттар аймактын өлкөлөрүндө кеми 12 ай туруктуу иштеп, Социалдык фондго үзгүлтүксүз акча которуп турушу керек.

Жогоруда белгиленген пенсиялык жана пенсия үчүн төлөмдөр мындан ары ошол өлкөнүн валютасы менен Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан жүргүзүлөт.

Айта кетсек, ЕАЭБге Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Беларусь, Армения мамлекеттери мүчө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM