Биз менен байланышыңыз

COVID-19: 791 адам илдетке чалдыгып, 3 адам каза тапты

Кыска кабар | 22 Янв 2022 | 198 | 0

COVID-19 боюнча республикалык штаб бүгүн, 22-январга карата 791 адам коронавируска чалдыкканын билдирди.

Алардын 488и Бишкек шаарынан, 185и Чүй облусунан, 39у Жалал-Абад облусунан, 31и Баткен облусунан, 17си Ысык-Көл облусунан, 9у Талас облусунан, 8и Ош облусунан, жетөө Ош шаарынан, дагы жетөө Нарын облусунан катталган.

Акыркы суткада COVID-19дан 466 бейтап: Бишкек шаарынан 327, Чүй облусунан 72, Талас облусунан 15, Ысык-Көл облусунан 14, Баткен облусунан 12, Жалал-Абад облусунан 9, Ош облусунан 8, Ош шаарынан 8, Нарын облусунан 1 адам сакайып чыккан.

Ошондой эле 3 бейтап көз жумган. Каза тапкандардын бири Бишкек шаарынан, бири Ысык-Көл облусунан, бири Талас облусунан болгон.

Учурда 1129 бейтап ооруканаларда, 6697 бейтап үйлөрүндө дарыланып жатат. Ооруканада жаткандардын 62синин абалы өтө оор экени айтылды.

Пандемия башталгандан бери 194 миң 607 адам илдетке чалдыккан. Мунун ичинде 182 миң 442 адам айыгып чыгып, 2 миң 846 адам көз жумган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM