Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы институту Казакстанда сабалган жаранды бекер дарылоону өтүндү

Кыска кабар | 22 Янв 2022 | 352 | 0

Акыйкатчы институтунун аппарат башчысы Аскат Азарбеков менен Кыйноолорго каршы күрөшүү борборунун жетекчиси Бакыт Рысбеков Казакстандагы тополоң учурунда кармалып, полициялардан токмок жеген Чолпонбек Сыдыковдун абалынан кабар алды.

Жаракат алган жаран менен жолугушуудан кийин Акыйкатчы аппараты Ички иштер министрлигине, Башкы прокуратурага, Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылуу жолдоду.

Кайрылууда Сыдыковдун Казакстандын күч органдары тарабынан негизсиз кармалышы, аёосуз сабалышы боюнча иликтөө жүргүзүү, жабырлануучуну суракка алып, анын алган жаракаты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындоо, Алматы шаарындагы Алатау полициясынан Сыдыков кармалган учурда ачылган жеке документтерди суратуу, ошондой эле жаранды бекер дарылап, операциясын бекер жасоо өтүнүчү айтылган.

Айта кетсек, Акыйкатчы институту буга чейин саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге кат жолдоп, Казакстанда сабалган Чолпонбек Сыдыковду Стамбул протоколунун негизинде медициналык кароодон өткөрүүнү өтүнүшкөн.

Маалыматка ылайык, эмерек уста болуп иштеген Чолпонбек Сыдыков 8-январь күнү Алматы шаарына эмерек жеткирип, орнотуп берип, кайтып баратканда Казакстандын полиция кызматкерлери кармап кеткен.

11 күндөн кийин, тагыраагы, 19-январда дайыны табылган Сыдыковдун катуу сабалып, эки буту, кабыргасы сынганы белгилүү болгон. 20-январда «Тез жардам» кызматынын унаасы менен Бишкек шаарына жеткирилип, №4 ооруканага жаткырылган.

Окуяга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги Казакстандын Бишкектеги башкы консулун чакырып, нааразычылык нотасын тапшырган. Ошондой эле алар бул иш тыкыр иликтениши, казак тарап жабыркаган кыргызга кенемте төлөп бериши керектигин айтышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM