Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда көчкү жүрүп, эки жигит каза тапты

Кыска кабар | 22 Янв 2022 | 862 | 0

Чаткал районунда көчкү жүрүп, эки жигит каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кырсык кечээ, 21-январда болгон. Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка унаа жолундагы Жамгыр жана Мырзаш тилкелеринин ортосунда байкоо жүргүзүп жатышкан эки изилдөөчүнү капыстан жүргөн көчкү басып калган.

Бири 30 жаштагы, бири 31 жаштагы кар астында калган эки жарандын «Вортекс Голд» компаниясынын кызматкерлери экени белгилүү болгон.

Кырсык болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 5 куткаруучусу, «Вортекс Голд» компаниясынын 120 кызматкери 3 унаа жүктөгүч, 2 эксковатор менен барышкан. Кечки саат 17:30 чамасында алгач Токтогул районунун тургуну 31 жаштагы А.Ж.нын, андан бир жарым сааттан кийин Бишкек шаарынын тургуну 30 жаштагы Ж.А.нын сөөгү табылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM