Биз менен байланышыңыз

Текебаев: Орозайымга мандатын кайтарып берүү керек

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Янв 2022 | 581 | 0

«Жогорку Кеңештин депутаты жогорку билимдүү болушу керек» деген норманы жокко чыгаруу керек. Мындай пикирин саясатчы Өмүрбек Текебаев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал президент адам укугунун, Конституциянын гаранты экенин белгилеп, депутаттан жогорку билимди талап кылуу адам укугун бузуп, Башмыйзамга каршы келерин эске салды.

«Ошондуктан, президент өзү, же аппараты Конституциялык сотко кайрылып, ушул мыйзамды жокко чыгартышы керек. Муну бир айдын ичинде эле чечсе болот. Анан чыккандан кийин Орозайымга мандатын кайтарып бериш керек. Ошондо тарыхый адилеттүүлүк болот. Ошондо биз демократиялык нормаларды түшүнө тургандыгыбызды элге көргөзөбүз», — дейт саясатчы.

Текебаев: Депутат болуу үчүн диплом эмес, абийир керек

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM