Биз менен байланышыңыз

МСК: Бир айда 7 миң 800дөн ашуун ишкер ККМ апаратын колдонууга өттү

Кыска кабар | 21 Янв 2022 | 283 | 0

Салык кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп жаткан түшүндүрүү иштеринин жыйынтыгы боюнча бир айдын ичинде 7 миң 809 ишкер көзөмөл-кассалык машинаны колдонууга өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Жалпысынан республика боюнча 32 миң 447 көзөмөл-кассалык машина колдонулууда, анын ичинен 20 миң 831и аппараттык, 11 миң 616сы программалык ККМге өткөн.

Мамлекеттик салык кызматы көзөмөл-кассалык машиналарды колдонууга милдеттүү субъекттерди жергиликтүү салык органдарына кайрылууга жана ККМге өтүүгө чакырат.

Учурда ККМдин аппараттык жана программалык деген эки түрү колдонулуп жатат.

Аппараттык ККМ – бул маалыматтарды онлайн өткөрүп берүү модулу бар фискалдык эс тутуму менен кадимки кассалык аппарат.

Программалык KKM – тиркеме түрүндө болот, смартфонго, планшетке же компьютерге бекер орнотулат. Бул аппараттык ККМдин эң жеткиликтүү түрү болуп саналат. Ишкер бул жерден болгону чек чыгарган принтер гана сатып алат.

Аппараттык KKMди Техникалык тейлөө борборлорунан алса болот.

Программалык ККМди орнотуу үчүн иш жүргүзгөн жери боюнча аймактык салык органына арыз менен кайрылуусу зарыл.

Ошондой эле Салык кызматы «Керемет Банк», «РСК Банк» жана «Айыл Банк» менен биргеликте коюлган POS терминалы бар заманбап кассалык машиналарды орнотуп жатканын белгилейбиз. Гибриддик ККМ акысыз берилет, аны алуу үчүн арыз менен иш жүргүзгөн жери боюнча аймактык салык органына кайрылуу керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM