Биз менен байланышыңыз

Баткенде ишкерлер салыктан бошотулуп, инвестиция бөлүнөт

Кыска кабар | 20 Янв 2022 | 251 | 0

Президент Садыр Жапаров Баткен облусунун социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча иштер тууралуу маалымат алды.

Ал 20-январда Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевди кабыл алды.

Арзыбек Кожошев маалымдагандай, 62 преференциялык чек арага чектеш калктуу конуштардын тизмеси бекитилди жана аларды төмөнкү салыктардан бошотуу аныкталды:

— киреше салыгынын ставкасын 10% дан 5% га чейин төмөндөтүү;

— пайда салыгынан толук бошотуу;

— сатуудан алынуучу салыктан бошотуу.

Мындан сырткары тийиштүү мыйзамдык өзгөртүүлөргө ылайык, Баткен облусуна 1 миллион доллар өлчөмүндө инвестицияларга (Кыргызстандын башка аймактарында 3 миллион доллардан кем эмес), Баткен облусу үчүн тоо-кен тармагына 10 млн доллар инвестицияларга (Кыргызстандын калган аймактарында 20 млн доллардан кем эмес) мамлекеттик кепилдиктер берилет.

Аны менен бирге мамлекет инвесторлорго келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттенет.

Ошондой эле Баткен облусунда калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды жеңилдетилген негизде көрсөтүүнүн өзгөчө режими киргизилди.

«Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардан: ооруканаларда 50% арзандатуу менен дарылоо, 50% арзандатуу менен лабораториялык изилдөөлөр кыскарган, Ички иштер министрлиги тарабынан соттолбогону тууралуу маалымкаттарды акысыз берүү каралды. Бардыгы болуп 7 мамлекеттик кызматтарга жеңилдетүүлөр көрсөтүлөт. Бул чечимди ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен 25,0 млн сом каралат», — деп билдирди Арзыбек Кожошев.

Министрлер кабинети тарабынан Баткен облусундагы чек арага чектеш 62 айылдын туруктуу жашоочулары үчүн пенсияларды 2 миң сомго жогорулатуу, жөлөк пулдарды эки эсеге жогорулатуу, аталган 62 айылда үй-бүлөгө электроэнергияны 50% жеңилдик менен берүү, социалдык тармактын кызматкерлерине — дарыгерлер, мугалимдер, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын кошумча көбөйтүү сунушталды.

Садыр Жапаров айтылган сунуштарды колдоого алды. Мамлекет башчысы кыска убакыт аралыгында тийиштүү нормативдик-укуктук процедураларды соңуна чыгарып, сунуштарды 2022-жылдын 1-мартынан тарта ишке ашырууну тапшырды.

Президент 2021-жылдын 10-сентябрында «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзамга кол койгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM