Биз менен байланышыңыз

Текебаев Мадумаров кол койгон протокол боюнча пикирин билдирди (видео)

Кыска кабар | 20 Янв 2022 | 2889 | 0

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча  төрт жолу Башкы прокуратурага сурак берди. Адахан Мадумаров Төрт-Көчө тилкеси боюнча 2009-жылы кол койгон протоколго байланыштуу тергелүүдө.

Бүгүн, 20-январда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Мадумаров кол койгон протокол боюнча өзүнүн пикирин видеокайрылуу аркылуу жарыялады.

Текебаевдин айтымында, бүгүнкү күндө Мадумаровго каршы жасалып жаткан жаткан аракеттер саясий куугунтуктоонун бир түрү. Кылмыш мыйзамдарынын өзүнүн принциптери бар. Мөөнөтү өткөн окуяларга кылмыш иши козголбойт. Ал азыркы бийлик иштеп чыккан кылмыш-процессуалдык кодексинде жазылган. Президент Садыр Жапаровдун кол коюусу менен аталган мыйзамдар күчүнө кирди.

«Кылмыш-процессуалдык кодексинин 27-беренеси боюнча 10 жыл өтүп кеткен окуяларга иш козголушу мүмкүн эмес. Козголуп калган иштер болсо, мөөнөтү өтөрү менен автоматтык түрдө жабылат. Туура, мөөнөтү бүтпөгөн иштер да бар, бирок биз айтып жаткан окуя андай категорияга кирбейт. Ошентип, «Мадумаров кылмыш жоопкерчилигине тартылат» деп 13 жыл мурунку окуяларга байлаган — мыйзамсыз. Бирок бул аракет бүгүн эле болгон жок, бир нече жылдан бери, мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун убагынан бери болуп келе жатат. Мен бул аракеттерди саясий куугунтуктоонун түрү катары баалайм», — деп билдирген Текебаев.

Текебаев ошондой эле аталган протоколго кол койгон мурдагы Транспорт министри Нурлан Сулайманов бүгүнкү күндө Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кеңешчи болуп, тандалма процесс жүрүп жатканын айткан.

Copyright © 2017 Maral FM