Биз менен байланышыңыз

Кайгуул кызматынын инспектору канча айлык алат?

Кыска кабар | 20 Янв 2022 | 1082 | 0

Кайгуул милициясында иштегендердин канча айлык аларын аталган кызматтын өкүлү Кубанычбек Осмоналиев «Спутник Кыргызстан» маалымат агенттигинде өткөн жыйында айтып берди.

Анын айтымында, кенже курам 27 миң сомдон жогору, ал эми офицердик курам 30 миңден 33 миң сомго чейин айлык алат. Андан тышкары апрель айында айлыкты көтөрүү боюнча сөз козголуп, бирок кеңири маалымат берилбегенин билдирди.

Маалым болгондой, Кайгуул милициясында учурда 811 штат бар, анын 718инде кызматкерлер иштеп жатса, 93 штат бош турат.

Жыйында 2021-жылы 406 кызматкер милдеттерин аткарууда кемчилик кетиргени жана пара алганы үчүн тартип жоопкерчилигине тартылганы, ал эми 425 кызматкер ишиндеги жетишкендиктери үчүн сыйлык алганы да айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM