Биз менен байланышыңыз

Салык органдары күчөтүлгөн режимде иштей баштады

Кыска кабар | 20 Янв 2022 | 289 | 0

Жаңы Салык кодекси кабыл алынганына байланыштуу салык органдары жарандарды тейлөө боюнча күчөтүлгөн режимге өтүштү.

Бекитилген графикке ылайык, салык органдарынын бирдиктүү терезелери, Бишкектеги Ишкерлерди тейлөө борбору иш күндөрү саат 23:00гө чейин, демалыш күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин иштешет.

Жалпы салык режиминин негизинде салык төлөгөн жана 2021-жылдын 31-декабрына карата КНС төлөөчү болуп саналбаган жаран КНС төлөөчү катары каттоодон өтүү же атайын салык режимин тандоо үчүн ушул жылдын 28-январына чейин катталган жери боюнча салык органдарына арыз менен кайрылышы керек.

Салык режимин тандоо жөнүндө арыз берилбеген учурда салык төлөөчү жалпы салык режиминин негизинде салык төлөөчү болуп таанылат.

Толук маалыматты «116» номеринен же жергиликтүү салык органдарынан алууга болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM