Биз менен байланышыңыз

Байден АКШнын Украинага берген коргонуу жардамынын көлөмүн айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Янв 2022 | 220 | 0

АКШ президенти Жо Байдендин айтымында, АКШнын Украинага коргонуу үчүн берилген жардамы 600 миллион долларга бааланат. Бул тууралуу ал маалымат жыйынында билдирди.

«Биз Украинага 600 миллион доллардан ашык коргонуу жабдууларын жөнөттүк», — деди Байден.

АКШ президенти ошондой эле НАТО мүчөлөрүнүн Украина темасы боюнча бирдиктүү пикири жок экенин айтып,  «Кырдаал курчуп кетсе, биримдиктин аракети кандай болот?» — деген суроого Байден: «НАТОдогу өлкөлөр ичинде «Кандай кылуу керек?» — деген маселе жаатында пикир келишпестиктер бар», — деп жооп берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM