АКШ президенти Жо Байдендин айтымында, АКШнын Украинага коргонуу үчүн берилген жардамы 600 миллион долларга бааланат. Бул тууралуу ал маалымат жыйынында билдирди.
«Биз Украинага 600 миллион доллардан ашык коргонуу жабдууларын жөнөттүк», — деди Байден.
АКШ президенти ошондой эле НАТО мүчөлөрүнүн Украина темасы боюнча бирдиктүү пикири жок экенин айтып, «Кырдаал курчуп кетсе, биримдиктин аракети кандай болот?» — деген суроого Байден: «НАТОдогу өлкөлөр ичинде «Кандай кылуу керек?» — деген маселе жаатында пикир келишпестиктер бар», — деп жооп берди.