Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Чүйдө массалык иш-чараларды уюштурууга тыюу салынды

Кыска кабар | 19 Янв 2022 | 173 | 0

Чүй облусунда эпидемиологиялык абал курчуп баратканына байланыштуу кафе-ресторандарда той өткөрүүгө, эл көп чогулган иш-чараларды уюштурууга тыюу салынды. Бул тууралуу Ысык-Ата райондук илдет менен күрөшүү жана санитардык-эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдөө борборунун бөлүм башчысы Акылбек Исаев билдирди.

Дарыгердин айтымында, Казакстан менен Орусияда «омикрондун» жаңы штаммына чалдыккандар көбөйгөн. Бирок Кыргызстан чек араларын жаппаганына, чет элдик жарандарды өлкөгө киргизүүнүн жаңы алгоритми иштелип чыга электигине байланыштуу мындай чектөөлөр зарыл болуп турат.

Исаев ушу тапта Чүй облусунда 16 мектеп карантинге жабылып, дагы 2 колледж окуунун онлайн формасына өткөнүн белгиледи. Учурда окуучулардын сабакка катышуусу көзөмөлгө алынган.

Ошол эле учурда Жайыл райондук акимиатында да айрым кызматкерлер илдетке чалдыгып, мындан улам алардын 50%ы аралыктан иштөөгө өткөнү маалым болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM