Биз менен байланышыңыз

«Омикрондун» белгилери байкалса, кантип дарылануу керек?

Кыска кабар | 20 Янв 2022 | 323 | 0

Сууну көп ичүү, антипиретикалык жана вируска каршы дары-дармек «омикрондун» алгачкы белгилеринде дарыланууга жардам берет. Бул тууралуу Орусия саламаттыкты сактоо департаментинин башкы инфекционисти Светлана Сметанина билдиргенин ТАСС маалымат агенттиги жазды.

Адистин айтымында, тамактагы ангинаны азайтуу үчүн микробго жана сезгенүүгө каршы каражаттар, чөп дарылар менен чайкоо же хлоргексидин алгылыктуу таасир берет. Ал эми мурундун бүтүшүн жок кылуу үчүн деңиз суусу кошулган эритме (раствор) менен чайкоо пайдалуу.

Omicron штаммынан келип чыккан коронавирустун клиникалык көрүнүшү сасык тумоого окшош болгондуктан, ОРВИге каршы дарылоону, тагыраагы, спрей (гриппферон, генферон лайт жана башкалар) түрүндөгү интерферон-альфа препараттарын да колдонсо болот. Ал оорунун алгачкы белгилеринде вирусту азайтууга, симптомдорду басаңдатууга жана эрте айыгууга өбөлгө түзөт.

Эгер температура 38ден жогору болуп, үч күндөн ашык түшпөй, дары-дармектер да жардам бере албаса, дарыгерге кайрылуу керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM