Биз менен байланышыңыз

Эрдоган Путин менен Зеленскийдин сүйлөшүүсүнө шарт түзүп берүүгө даяр

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Янв 2022 | 241 | 0

Түркия Орусия президенти Владимир Путин менен Украина президенти Владимир Зеленскийдин сүйлөшүүлөрү үчүн шарт түзүп берүүгө даяр. Бул тууралуу Режеп Тайып Эрдогандын өкүлү Ибрагим Калын билдирди.

«Президент Эрдоган эки президентти Түркияга келип, ортосундагы көйгөйлөрдү жана пикир келишпестиктерди чечүү үчүн жолугушуу өткөрүүгө чакырды. Түркия Орусия менен Украинанын ортосундагы чыңалууну азайтуу үчүн бардык ролду ойноого даяр», — деди ал.

Мындан тышкары Калын Түркия президенти жакынкы апталарда Украинага барууга ниеттенип жатканын маалымдады.

Батыш саясатчылары жана маалымат каражаттары Орусия Украинага кол салууга даярданып жатканын жазышууда. Ал эми Орусия бул айыптоолорду четке кагып, алар чек арага жакын жерге аскердик техниканы жана НАТО күчтөрүн жайгаштыруу үчүн шылтоо издеп, негизсиз каралоолорду уюштуруп келишерин белгилейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM