Биз менен байланышыңыз

Кытайда өтө турган кышкы Олимпиада 4-февралда башталат

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Янв 2022 | 365 | 0

XXIV кышкы Олимпиада оюндары 4-февралдан 20-февралга чейин, Паралимпиада 4-13-мартта Пекинде өтөт.

Кытай кышкы Олимпиада оюндарынын натыйжалуу жана коопсуз өтүшүнө кепилдик берет. Бул жөнүндө Кытайдын төрагасы Си Цзинпинь «Давостук күн тартиби» виртуалдык талкууда билдирди.

«Жакында Пекинде кышкы олимпиадалык жана паралимпиадалык оюндар башталат. Кытай дүйнөгө үнөмдүү, коопсуз жана кооз олимпиадалык оюндарын көрсөтө аларына ишенет», — деди Си Цзинпинь.

Жалпысынан спорттун 15 түрүнөн мелдештер орун алат. Анын ичинде жыл сайын өтүп келген лыжа тебүү, муз үстүндө бийлөө, хоккей сыяктуу салттуу оюндар бар. Андан тышкары аялдар арасында бобслей, аялдар жана эркектер арасында биг-эйр фристайлы, шок-трек аралаш эстафетасы, лыжа менен трамплинден секирүү, акробатика, сноуборд-кросс аттуу жети спорттук оюн да киргизилди.

Олимпиадалык оюндардын бюджети 3,9 миллиард доллар деп жарыяланган. Оюндарды өткөрүүгө Пекинде 2008-жылы жайкы олимпиада убагында салынган объектилер пайдаланылат. Ал эми ачылыш жана жабылыш салтанаты «Куш уясы» стадионунда болот.

Айта кетсек, Пекинде кар аз жааганына байланыштуу айрым мелдештер Янцинь менен Чжанцзякоу шаарларында өткөрүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM