Биз менен байланышыңыз

Кубик Калыков: Тентектигимден дарактын башында түнөгөн күндөр болгон

Көңүл ачуу , Марал шоу | 20 Янв 2022 | 9391 | 0

Ар бир таланттуу адамдын чыгармачылыгы, жашоосу тууралуу күйөрмандар дайыма билгиси келет эмеспи. Бул таланттуу инсан учурунда ырчылык, куудулдук өнөрү менен күйөрман топтогон. «Адал эмгек абийир таптырат» дегендей, эмгекчил мырза дайыма иш үстүндө жүргөн инсандарды абдан баалайт. Анда окурмандарыбыз үчүн кезектеги коногубуз  ырчы, куудул Кубик Калыковдон кызыктуу маек болсун.

— Маекти балалыгыңызды эскерүүдөн баштасак…

— Сиздер менен жүз көрүшүп жатканыма кубанычтамын. Бала кезимди азыр бат-баттан эстейм. Неберелеримди элжирей карап олтуруп, ошол кезди абдан сагынам. Ал кезде айыл жергесинде мал багып, пахта терип жүргөн кез. Эң эсимде калган окуяны айтып берейин. Айылдын балдары малды тоо бооруна кайтарабыз да. Кичинекейимде бир нерсени уюштура калмай, бир нерселерди баштап иймей адатым бар эле (күлүп). Бир жолу балдардан акча чогултуп, райондун базарына барып топ алып келдим. Айылдын бир короо баласы чогулуп, футбол ойноп жатып, малыбыз колхоздун буудайына кирип кеткенин байкабай калыптырбыз. Кароолчусу малыбызды айдап барып камап, анан ачууланып келип, топту бычак менен жарып салды. Баарыбыз ызаланып, кечинде үйүнүн жанынан өтүп баратып, таш менен уруп качтык. Кароолчу байке ата-энелерибизге арызданып, алар чогулуш уюштуруп, «Тентектикти ким баштады?» — деп сүрүштүрө келгенде эле күнөөлүү мен болуп чыктым. Андай иштерди жакшы уюштурат элем да (күлүп). Атам кубалап, мен корообуздун аягындагы даракка чыга качып, түшпөй отуруп алдым. Качан гана атамдын жини тарап, апам чыгып, «Келе бер, болду атаң урбайт», — дегенде түшүп келдим. Мындай окуяларды дале болсо эстеп, күлүп калам.

— Ошол кездеги ой-максаттарыңыз кандай эле?

— Былтыр неберелеримди ээрчитип, айылга барып, балалыктагы баскан издеримди эстеп, дөңсөөгө чыктым. Кичинемде ошол жерге барып алып, сүрөт тартчумун. Ырчылыкка чейин «сүрөтчү болом» деп абдан кыялданат элем. Ырчы болуу таптакыр кыялымда жок болчу. 8-классты бүтүп, көркөм сүрөт окуу жайына тапшырууга камдандым. Жыл сайын айылыбызга пахта тергени студенттер мугалимдердин коштоосунда келишчү. Ошол жылы пахта теримге студенттерди жетектеген мугалимдер менен кошо Гуля Ибраимова деген тааныш эжей да келген. Ал: «Кубаныч, Жалал-Абадда жаңы окуу жай ачылып, мен жумушка которулдум. Сен аябай таланттуусуң, ырдайсың. Ошол жакка тапшырбайсыңбы?» — деди. Атама айтсам, дароо макул болуп, аккордеонумду көтөрүп алып, окуу жайга келдим. Өзүмдүн жан дүйнөмдү ээлеген кесипти айтсам, «Бул жерде сүрөт тармагы да бар», — деди эжейим. Бирок кийинчерээк музыкага ыктап кеттим. Атам ыраматылык да комуз чертип, «Манас» айткан чыгармачыл инсан болчу.

— Соңку учурда чыгармачылыкта тыныгуу болуп калды. Себебин билсек болобу?

— Бир жылда бир ыр жаратып койсом, сүйүнөм. Бир кездерде бир жылда 10 ыр жараткан учурлар болгон. «Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» дегендей, мезгилдин талабы болот тура. Анан бул жылы сөзсүз ыр жаратуу керек деп, өзүмдү кыйнай албайм. Илхом келип, жүрөктөн чыкпаса, жаралышы кыйын. Ага себеп да болушу керек экен. Буга чейин жаралган ар бир ырымдын элге айта турган бир ою бар. «Элүүдөн берген отчётум» деп 50 жашка чыкканда концерт коюп, гастролду токтотком. Экинчи тарабы, ден соолук бир аз солгундап калды. Жакын арада эле операция болдум. Илгери «нан болсо, ыр да болот» деп айтылса, азыр тескерисинче, «ыр болсо, нан болуп» калган заман. Кээде элдин жакшылыктарында ырдап, тамадалык кесипти аркалайм.

— Студенттик күндөрдү эске салалы..

— Жашоонун эң таттуу күндөрү — студенттик мезгил. Өз алдыңча жашоо башталат. Өзүңдүн курсагыңды тойгузасың. Бардык облустан студенттер келет, алар менен достошосуң. Азыркыга салыштырмалуу курсак ток, жан дүйнө ток, жыргал жашоо болгон экен. Көйгөй аз. Стипендия алып, ошого жашачубуз. Эң жакшысы, мен «Детский мир» дүкөнүнөн кийинчүмүн (күлүп).

Жаштык мезгил дегендей, эң алгач 15 жашымда апамдан айрылган кезде «Апа» деген ыр жараткам. Сөзү, обону мага таандык. Ал ырды көп ырдабайм. Анткени, мен үчүн абдан оор, кыйналып кетем. Ал эми элге «Той» ырым менен таанылдым. Негизи, обончу, ырчыны бир эле ыры белгилүү кылат. Анан сени атыңдан эмес, ырдаган ырыңдан таанып калышат.

— Кубик мырза, убакытты текке кетирбеген инсандардын катарына киресиз. Чыгармачылыктан сырткары дагы сизди кайсыл тармактан көрө алабыз?

— Эми жеңил оокат жок. Дыйканчылыктын да абдан чоң түйшүгү болот экен. Жериң өзүңдүкү, анан жашаган жериңе жакын болсо, анда жакшы. Алыс болуп, анан да ижарага алып иштетсең, көп чыгым кетет. Мен үч жыл «Манас» аэропорту тараптан жер алып иштеттим. Абдан кыйын экен. Күнүгө 60 чакырымга барып келиштин өзү азап. Азыр үйдүн алдындагы короого күнөскана куруп, ошону карайм. Эч нерсе кылбай эле олтура бергенге да болбойт. Адам дайыма кыймылда болушу керек. «Бирөө бизнес баштаптыр, мындай-тигиндей кылып жатыптыр» деп, анын ишин анализ кылуу оңой. «А өзүң эмне үчүн ал ишти жасап көрбөйсүң?» — деп айта турган адам жок да. Эмгектенген адамды абдан сыйлайм.

— Эмки кепти куудулдук өнөр жаатында козгойлу. Азыр бул тармактын абалы кандай?  

— Күлкү — ден соолуктун мүлкү. Адамдарга жакшы маанай жараткандын өзү бакыт да. Бул өнөр да изденүүнү талап кылат. «Сууну сиңген жерге сеп» дегендей, кези келгенде сатира, тамашаларды айтып коюу керек. «Мени күлдүрчү» десе эле, күлдүрүү кыйын. Бир учурда сатира, юмор тарабы саясатка айланып, элдин баары ошол тармакты талкуулап калышкан.

Биздин учурдагы инсандар биз айткан тамашаларды жактырса, азыркы муун  жаштардын сатираларын жактырышат. «Агымдан калышпайын, жаштардын көзү менен карайын» десең, бала-чака, небере бар. Алар кандай кабыл алат? Ошондуктан бардык нерсе өзүнүн орду менен болгону жакшы.

— Атасы балдарга тарбия берүүдө эмнелерди эске алуусу зарыл? 

— «Балам, балалуу болгондо билесиң» деп, биз да балалуу болгондо бир сүйүнгөнбүз. «Жаман жолго түшпө, уурулук кылба, калп сүйлөбө, таза бол, сабакты жакшы оку» деп ата-эне балдарына дайыма айтып турат. Ар бир ата-эне баласын жакшы көрөт. Бала бакча, мектепке барып калышса, «менин балам жакшы кийинсе экен» деп турушат. Кыскасы, биз терең ойлобой, бардык жактан жетиштүү кылып тарбиялайт экенбиз. Мындай көрүнүш баланы эрке кылып саларын ата-эне ойлобойт экен. Мен балдарымды элден ашырып да ийбей, кемитип да койбой, жакшы тарбияладым. «Баланчанын баласы ата-эне тарбиясын көргөн бала экен» деп,  балаңдын алган тарбиясын сага эл айтат.

— Чыгармачылыктагы устаттарыңыз  жөнүндө айтып берсеңиз?

— Куудул агайлардын артынан ээрчип жүрүп чоңойдук, чыйралдык, такшалдык, көп нерсе үйрөндүк. Манас Бердибеков, Рахман Разыков, Жаныбек Алыкулов — кайран гана таланттар! Алар бизден 10 жыл мурунку муун. Биз бул устаттарды кандай сыйласак, азыркы жаш муун бизди ошондой сыйлап алышса…

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM