Биз менен байланышыңыз

БУУнун Айыл чарба бөлүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү Аднан Куреши каза болду

Кыска кабар | 19 Янв 2022 | 249 | 0

БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба бөлүмүнүн (ФАО) Кыргызстандагы өкүлү Аднан Куреши 60 жашында каза болду. Бул тууралуу аталган бөлүм билдирди.

Улуу Британияда төрөлгөн Аднан Куреши өзүнүн жашоосунун көбүн БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба бөлүмүндө иштөөгө арнаган, ал жерде өзүн кесипкөй адис катары көрсөтө алган.

Кыргызстанга жасаган сапарында өлкөнүн табиятын жактырып, элдин жыргалчылыгына кызмат өтөө үчүн которулуп келген.

Куреши БУУга келгенге чейин жеке компанияларда жана каржы институттарында он жылдай иштеп, аудит жана каржы тармагында иш алып барган.

Маркумдун сөөгү Улуу Британияга коюлат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM