Биз менен байланышыңыз

«Бажы башчысы тажрыйбасыздыгынан тузакка түшүп калышы мүмкүн»

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Янв 2022 | 598 | 0

Чоң долбоорлор менен иштешип жаткан келечектүү жигиттин коррупцияга барышы күмөндүү. Мындай пикирин Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын үстүнө эки айдын ичинде коррупциялык схемаларды уюштуруп ийүү мүмкүн эмес. Бажы кызматы бири-бирине чырмалышкан, бири-бирине көзөмөл кылган татаал кызмат. Акылбек Жапаров «коррупция менен күрөшөт» деп ишеним артып дайындаган адам тажрыйбасы жоктугунан коррупциянын торуна кокусунан түшүп калышы мүмкүн.

«Менин оюмча, бул бала келечектүү жигит болчу. Чоң долбоорду иштетип, эл аралык логистикалык борбор куруп жаткан. Ошондой чоң максаттар менен чоң долбоорлорду иштетип жаткан жигит коррупцияга кирип кетет дегенге мен анчалык ишене албай турам. Бирок жанагындай чыкылдап иштеп жаткан схемалардын туткуну болуп калышы ыктымал. Себеби аларда аябагандай чоң саясий, экономикалык, коррупциялык кызыкчылыктар чырмалышып, ошолордун тузагына түшүп калды окшойт», — дейт ал.

17-январь күнү Улуттук коопсуздук кызматы Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбековду коррупцияга шектеп кармаган. Ал бул кызматка өткөн жылдын 27-октябрында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун сунушу менен дайындалган болчу.

Жаңы башчынын дымагы жана бажыга байланышкан бизнестери

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM