«Ош-Тазалык» ишканасы февраль айынан баштап Оштун Жапалак айыл аймагын да тейлөөгө өтөт. Бул тууралуу ишкананын 2021-жылды жыйынтыктоо, 2022-жылды пландоо жыйынында айтылды.
Жапалак айыл аймагына да бөлүм ачуу сунушун Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев берген.
Айта кетсек, Жапалак айыл өкмөтүндө 11 айыл бар, аларда 30 миңден ашуун калк жашайт.