Биз менен байланышыңыз

Орусия Кыргызстан менен Казакстандын 150 тонна жемишин артка кайтарды

Кыска кабар | 18 Янв 2022 | 173 | 0

Жыл башынан бери Орусиянын Новосибирск облусу Кыргызстан менен Казакстан киргизген 150 тонна жашылча-жемишти артка кайтарган. Бул тууралуу Орусия айыл чарбасын көзөмөлдөө комитетинин аймактык башкармалыгы билдиргенин «Новосибирск кабарлары» сайты жазды.

Башкармалыктын билдирүүсүнө караганда, жашылча-жемиштер фитосанитардык тастыктаманын көчүрмөсү менен ташылган. ЕАЭБдин талаптарына ылайык, тастыктаманын түп нускасын көрсөтүү керек болчу.

Ошондой эле жүк алуучулар тиешелүү тараптарга маалымат бербей койгондуктан, 79 тонна ашкабак, сабиз, чамгыр, помидор, курма, анар, жүзүм, лимонду; документи жок болгондуктан 15 тонна 660 килограмм калемпирди; таңгактоодо этикетка чапталбаган 21 тонна капустаны сатууга тыюу салган.

Мындан тышкары Кыргызстан менен Казакстандын ташуучулары тарабынан акыркы мыйзам бузуу 16-январда катталганы, тактап айтканда, 36 тонна пакистан мандарини аймакка киргизилбегени айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM